Харьковдогу музей Украинада каза болгон кыргызстандык жоокердин туугандарын издеп жатат

Жазылуу
Бул издөө иштери "Белгисиз жоокерлердин ысымдары" деп аталган долбоордун алкагында жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Харьков облусундагы Змиев чөлкөм таануу илимий коомунун Биринчи май райондук бөлүмүнөн Бишкек шаарынын мэриясына Петр Михайлович Моржаковдун тукумдары менен тирүү жашап жаткан туугандарын издеп жатканын билдиришкен. Аталган коом Бишкек мэриясына анын жакындарын табуу боюнча жардам сурап кайрылган. 

Гвоздики на памятнике победы - Sputnik Кыргызстан
Ата мекендик согушта белгисиз жоголгон жоокерлердин көмүлгөн жери табылды
Бул издөө иштери Улуу Ата мекендик согушта курман болгон "Белгисиз жоокерлердин ысымдары" деп аталган долбоордун алкагында жүргүзүлүп жатат. 

1924-жылы туулган Петр Моржаков 1943-жылдагы салгылашта Украинанын Харьков облусунун Биринчи Май районунун Берека айылынын чет жакасында курман болгон. Окко учкан жоокердин үй дареги Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары, Найск айылы деп жазылып, атасы Моржаков Михаил Андреевич деп белгиленген. 

Бишкек шаарынын мэриясы бул адам же үй-бүлө мүчөлөрү туурасында билсе, маалыматтарды vus_nadezhda@mail.ru электрондук дарегине салууну суранды. Болбосо, Украина Харьков облусу Биринчи Май району Берека айылы жана Старооскольская №38А көчөсүнө кат жөнөтүү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0