Караколдун зоопаркында туулган тайлакка социалдык тармакта татыктуу ысым издешүүдө

© Юлия ТеньковаЫсык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта туулган эркек тайлак.
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта туулган эркек тайлак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага татыктуу ат сунуштагандарга зоопаркка бир жолу кирүүгө абонемент берилет.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта 9-мартта эркек тайлак туулганын "Бугу эне" фонду Facebook социалдык тармактагы баракчасында билдирди.  

Маалыматка ылайык, учурда жаңы туулган тайлак менен энесинин абалы жакшы. Аталган фонд ошондой эле тайлакка ат бериле электигин айтып, коомчулуктан татыктуу ат сунуштоону суранган билдирүү калтырган.

Эгер сунуштаган ат туура келсе, төрт кишиге бир жолу зоопаркты кыдырганга абонемент берилет.

© Юлия ТеньковаЫсык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта 9-мартта эркек тайлак туулду.
1/2
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта 9-мартта эркек тайлак туулду.
© Юлия ТеньковаУчурда жаңы туулган тайлак менен энесинин абалы жакшы.
2/2
Учурда жаңы туулган тайлак менен энесинин абалы жакшы.
1/2
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы зоопаркта 9-мартта эркек тайлак туулду.
2/2
Учурда жаңы туулган тайлак менен энесинин абалы жакшы.

Учурда зоопаркта төрт төө бар. Жаңы тууган төө менен тайлак жакшы шартта кармалып турганын зоопарктан билдиришти.

Белгилей кетсек, Караколдогу зоопарк Кыргызстан боюнча жападан жалгыз зоопарк болуп саналат. Ал 1987-жылы түзүлгөн. Учурда ал жакта 34 түрдүү 150 жаныбар кармалат. Алардын жетөө Кызыл китепке киргизилген. Зоопарктан карышкыр, сүлөөсүн, жору, үкү жана Пржевальск аттары, төө, чүткөр сыяктуу башка да жаныбарлар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0