Кыргыз-казак студенттери тажрыйба алмашуу программасынан өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жаштары фонтан алдында. Архив
Бишкек шаарынын жаштары фонтан алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда кыргыз студенттери Алматыга барса, казак студенттери Бишкекке келип билимин улантат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын студенттери академиялык алмашуу программасын ишке ашырууда. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин төрт студенти менен Алматыдагы Казак улуттук агрардык университетинин (КазНАУ) төрт студенти GIZ академиялык алмашуу программасынын алкагында бир айлык программадан өтөт. Анда кыргыз студенттери Алматыга барса, казак студенттери Бишкекке келип билимин улантат.

Гезитте жумуш карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылбаган ректорлор иштен кетеби?
Программанын максаты билимдин сапатын жакшыртып, студенттер арасында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

GIZ академиялык алмашуу программасы келерки жылдан тартып Германия, Тажикистан өлкөлөрү менен студенттерди алмашуу программасын ишке киргизүүнү көздөп жатат.

GIZ академиялык алмашуу программасы — бул Орто Азиядагы билимдин сапатын жакшыртууга багытталган программа. Ал өлкөлөр ортосундагы студенттер менен алмашуунун негизинде ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0