Брюсселдеги мекендеш: жарылуу болгон метродон беш мүнөт мурда өткөм

© REUTERS / Reuters TVБрюссельдеги метронун алдындагы жардыруунун алдында полиция кызматкерлери. Архив
Брюссельдеги метронун алдындагы жардыруунун алдында полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельгиянын борборундагы аэропортто жана метродо катары менен болгон жардыруудан акыркы маалыматтар боюнча 34 киши каза болуп, 200дөй киши түрдүү жаракаттарды алды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik.  Брюсселде окуган Азим Исмаилов жарылуу болгон "Мальбек" метросунда беш мүнөт мурда болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

22-мартта Брюсселдин аэропортунда жана метродо катары менен болгон жардыруудан 34 киши каза болуп, 200дөй киши түрдүү жаракаттарды алган. 

© REUTERS / HANDOUTСерия терактов в столице Бельгии
Серия терактов в столице Бельгии - Sputnik Кыргызстан
Серия терактов в столице Бельгии

Исмаиловдун айтымында, ал "Мальбек" метросу аркылуу сабакка барган.

"Сабакка келгенден кийин жарылуу болгонун кабарлардан көрдүм. Чынында аябай шок болдум. Себеби, бул метрого көп түшөм. Сабакка барып, үйгө кайтам", — дейт ал.

Исмаилов ошондой эле, ага туугандары, тааныштары чалып эшикке чыкпоону айтып жатканын кошумчалады.

Брюсселде болгон жардырууларды "Ислам мамлекети" террордук уюму моюнга алды

Жаңылыктар түрмөгү
0