"Көлдүк мамонтту" таап алган тургундар смартфон менен сыйланды

© пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской области"Көлдүк мамонтту" таап алган тургундар смартфон менен сыйланды
Көлдүк мамонтту таап алган тургундар смартфон менен сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлоо аземи облус жетекчиси Аскат Акибаевдин Жантөшев атындагы драма театрында аймактын студенттери жана жаштар уюмдары менен жолугушуусу учурунда болду.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн таап алган Отрадное айылынын тургундары Канат Болотов, Эрмек жана Эрлан Кулетовдорго ыраазычылык билдирип, смартфон тартуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда табылган мамонтко окшош жандык - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар "көлдүк мамонттун" азуу тиши менен баш сөөгүн казып чыгарышты
Ага ылайык, сыйлоо аземи облус жетекчиси Аскат Акибаевдин Жантөшев атындагы драма театрында аймактын студенттери жана жаштар уюмдары менен жолугушуусу учурунда болду. 

Тургундардан тышкары, Акибаев Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Жумабековго, милициянын лейтенанты Нурлан Усупбаевге ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 10-март күнү жергиликтүү тургундар Жыргалаң суусунун боюндагы жардан мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн таап алышкан. Ал жер көзөмөлгө коюлуп, милиция кайтара баштаган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул боюнча комиссия түзүлүп, сөөк Бишкектеги музейге алып келиниши мүмкүн экенин билдирген. 

Сөөктү казуу иштерин тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева башында турган топ изилдеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0