Кулматов Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн орден менен сыйланды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекАлмаз Кененбаев, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.
Алмаз Кененбаев, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматов мэрликтен өз ыктыяры менен 9-февраль күнү кетип, 14-марттан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мурунку мэр Кубанычбек Кулматов шаардык кеңеш тарабынан "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланганын муниципалитет билдирди.

Фонд башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жамаатына Кулматовду тааныштырды
Маалыматка ылайык, сыйлыкты 22-март күнү шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев тапшырды. 

Өз кезегинде Кулматов Бишкек мэриясынын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, орден баарына тиешелүү экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кулматов мэрликтен өз ыктыяры менен 9-февраль күнү кетип, 14-марттан тарта Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0