Кызыл-Аскерде табылган снарядды саперлор алып кетти, тосулган көчө ачылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСапер. Архив
Сапер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде Ленин РИИБ менен Бишкек ШИИБ кызматкерлери иш алып барышкан.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кызыл-Аскердеги тосулган көчө ачылганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Буга чейин эки селсаяк аталган райондон танктын снаряддарын таап алганы айтылган. Көчө табылган снаряддарды саперлорго өткөрүп берүү үчүн тосулган.

Окуя болгон жерде Ленин РИИБ менен Бишкек ШИИБ кызматкерлери иш алып барышкан.

Учурда көчө толугу менен ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0