Бишкекте акча алмаштыруучу жайды карактоого аракет кылгандар 10 күндөн бери изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери издөө учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери издөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карактоо аракети атышуу менн аяктаган. Кылмышкерлер из суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош базарынын жанындагы акча алмаштыруучу жайды карактоого аракет кылгандар 10 күндөн бери ищделип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Эсекрте кетсек, 13-март күнү күзөт агенттигинин кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мейрманова: 10 жаштагы кызды кармалады деп шектелген мугалим буга чейин соттолгон эмес
ШИИБдин маалыматы боюнча, үч белгисиз адам акча алмаштыруучу жайына ири көлөмдөгү каражат менн бара жаткан күзөт кызматкерлерине кол салган.

Кылмышкерлер курал пайдаланып, кызматкердин колуна ок тийген. Жооп иретинде чыгарылган окко карабастан, алар из суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

ШИИБ тергөөнүн натыйжасы менен кошумча маалымат бериле турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0