Темир Сариев Ала-Букадагы нааразычылык акциясына чыккандар менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы элдин суроолоруна жооп берип, сабырдуулукка үндөдү.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ала-Букадагы нааразычылык акциясына чыккандар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Аксынын Кербен шаарында өткөн митингтин катышуучулары менен жолугуп, чек арадагы чырлуу маселени айрымдар керт башынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылуу туура эмес экенин айткан. 

Ала-Бука районунун тургундары менен жолугуп жатып өкмөт башчы Темир Сариев чек ара маселеси дипломатиялык жол менен чечилип жатканын айтып, элди сабырдуулукка чакырды. 

Эл менен жолугушуу бүткөн соң, Сариев район активи менен жыйынга кирип кетти. 

18-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагына өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, Кербен — Ала-Бука жолуна (чек аранын такталбаган участогу) блокпостторду орноткон. Андан сырткары бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам Чаласарт аймагын көзөмөлдөп турган эки өлкө аскерлери кыскарып, сегизден гана аскер калган. Анткен менен маселе чечиле элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0