Сариев: Кыргызстан чек ара боюнча ЖККУга кайрылды

© SputnikЖККУ мамлекеттеринин желеги. Архив
ЖККУ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Аксы районунда митингчилер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстан чек ара маселеси боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна консультация үчүн кайрылды. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Аксы районундагы митингчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири Азимбек Бекназаров кыргыз-өзбек маселесин чечүү үчүн ЖККУ жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдага кайрылуу керек болчу деген оюн айтты. 

Буга өкмөт башчы сүйлөшүүлөр өлкө башчылары тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Кырдаал курчугандан тартып тийиштүү чаралар көрүлүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Чек ара маселеси дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш. Кыргызстан бул көйгөй боюнча консультация алуу үчүн ЖККУга кайрылды", — деди Сариев. 

Жолугушуу маалында премьер-министр митингчилердин бардык суроолоруна жооп берип, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды дестабилдештирүүчү провокациялык кадамдарга жол бербөөгө чакырды.

Учурда Аксы районунда чек ара маселеси боюнча нааразылык акциясы өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0