Таласта жайыт жердин кыртышын бузган жеке компаниядан 300 миң сом доо өндүрүлдү

Жазылуу
Мыйзам бузуу Өмүралиев айыл аймагынын "Апаш" жайлоосунда аныкталган. Ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген компания жайыт жердин 3200 чарчы метринин кыртышын бузган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Таласта жайыт жерддин кыртышын бузган жеке ишканага айып пул салынып, 305 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экология-техникалык инспекция билдирди.

Өрт өчүрүү балону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспекция: "Баткен" базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Өмүралиев айыл аймагынын "Апаш" жайлоосунда аныкталган. "Бабек ЛТД" жеке ишканасынын кызматкерлери 3200 чарчы метр жер аянтын бузушкан. 

Бул боюнча инспекциянын кызматкерлери түзүлгөн протоколдун негизинде ишкана жетекчилигине эки миң сом айып салып, мындан тышкары жер кыртышын бузганы үчүн 305 миң 280 сом өлчөмүндөгү доо өндүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0