Нооруз майрамынан кийин Бишкектин Ала-Тоо аянтынан 40 кубометр акыр-чикир тазаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди на площади Ала-Тоо во время празднования Нооруз в Бишкеке
Люди на площади Ала-Тоо во время празднования Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасы иш күндөрү шаар ичинен 5 кубометр акыр-чикир алып чыгат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы Нооруз майрамынан кийин Бишкек шаарынын Ала-Тоо, Эски аянттарынан жана анын чеке белиндеги эс алуу бактарынан 40 кубометр акыр-чикир алып чыкты. Бул тууралуу аталган муниципалдык ишкананын маалымат кызматы билдирди. 

Бүйүр кызыткан көк бөрү турниринин финалдык оюну
21-март Нооруз майрамын белгилөө учурунда жарандар тарабынан ташталган акыр-чикирди тазалоо иштерин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүздү. 

Ага ишканын 50 кызматкери, 12 жук ташуучу унаа тазалоо иштерине тартылган. 

Эскерте кетсек, иш күндөрү шаар ичинен 5 кубометр акыр-чикир тазаланат. 

Кечээ, 21-мартта борбор калаада Нооруз майрамы белгиленип, майрамдык иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0