Чек ара кызматы: Нооруз майрамы өттү, бирок чек арадагы абал өзгөргөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Государственной пограничной службы Кыргызстана Райимберди Дуйшенбиев
Начальник Государственной пограничной службы Кыргызстана Райимберди Дуйшенбиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ала-Бука районундагы өзбек-кыргыз чек арасындагы абал Нооруздун өткөнүнө карабастан өзгөрүүсү калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев билдирди.

Темир Сариев Аксыдагы митингге чыккан эл менен жолугушууда
Эскерте кетсек, 18-март күнү Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда Өзбекстандын чек арачылары такталбаган аймакка эки БТР жана 40ка жакын аскерин жайгаштырып, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

Дүйшөмбиевдин айтымында, Өзбекстан Нооруз майрамында байланыштуу чек араны жабуу боюнча билдирүү жөнөткөн эмес.

"Бул тууралуу Өзбекстандын Чек ара комитетине таянуу менен маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бизге эч кандай расмий билдирүү келген эмес. Абал азыркы тапта эч өзгөрүүсүз бойдон калууда — аймакта эки тараптын аскер техникасы менен сегизден аскери турат", — деди ал.

Жума күнү Кыргызстан өзбек тарапка Кербен — Ала-Бука унаа жолунун 20-чакырымындагы чек ара аймагынын жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, тез арада жолдон блок-постторду алууну талап кылган. 

Дүйшөмбү күнү Чек ара кызматы аталган аймактагы аскерлердин саны азайганын билдирген. Ошол эле маалда күч структуралары 21-март күнү кечинде Өзбекстан менен болгон чек арага "Скорпион" отряды чыгып кеткенин маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0