Аксыда чек ара боюнча митингге эл чогулуп жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 200гө чукул адам чогулду. Митинг өткөрүү саат 12ге пландалган дейт уюштуруучулар.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Аксынын Кербен шаарында чек ара маселеси боюнча митингге эл чогулуп жатат. Учурда алардын саны 200гө чамалады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди. 

Анын айтымында бул иш-чара оппозиция тарабынан уюштурулуп жатат.

"Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров баш болгон оппозиялык маанайдагы саясатчылар келди. Учурда 200гө чукул киши Кербен шаарынан борборунда турабыз. Митинг өткөрүү саат 12ге пландалган", — дейт Камчыбек уулу.

Азимбек Бекназаровдун айтымында Аксыда абал туруктуу. 

"Чыр болгон жерге барып келдим. Абал туруктуу эле. Учурда Кербен шаарында эл чогулуп жатат", — дейт ал.

Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Кербен шаарындагы абал күч структуралары тарабынан көзөмөлдөнүп турганын билдирди. 

"Учурда нааразычылык акциясына чыккандар акимчиликтин алдында топтолушууда. Абал райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан толук кандуу көзөмөлдөнүп турат. Кербен шаарында абал туруктуу", — деп билдерет маалымат кызмат.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы: бир билекке биригип, бийлик, оппозиция, молдолор чек ара маселесин түшүндүрүүдө
Эске сала кетсек учурда Ала-Бука районунда да нааразычылык акциясы өтүүдө.

18-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагына өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, Кербен — Ала-Бука жолуна (чек аранын такталбаган участогу) блокпостторду орноткон. Андан сырткары бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0