"Калыс-Ордо" жаңы конушунда күздө жаңы мектеп ачылат

Жазылуу
Биринчи Май районундагы жаңы конуштун окуу жайы 750 окуучуну кабыл ала алат. Кытай компаниясынын каражаты менен ишке ашып жаткан курулушту жергиликтүү компания жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектин "Калыс-Ордо" жаңы конушунда курулуп жаткан мектеп быйылкы окуу жылына карата даяр болот. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимовдун курулуш иштери менен таанышуусу учурунда айтылды.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы жаңы конуштун окуу жайы 750 окуучуну кабыл ала алат. Кытай компаниясынын каражаты менен ишке ашып жаткан курулушту жергиликтүү компания жүргүзүүдө.

Мэр имараттын курулуп бүткөн биринчи кабатын текшерип чыкты. Алдын ала божомолдор боюнча мектеп жаңы окуу жылына даяр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0