FlyDubai: каза болгон стюардессанын үй-бүлөсүнө 20 миң доллар компенсация төлөнөт

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүДубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учурагандарга гүл коюу. Архив
Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учурагандарга гүл коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караган түнү Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учураган. Кырсыктан ичиндеги 62 адамдын баары, анын ичинде кыргызстандык жаран да каза болгон.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Стюардесса Жылдыз Насирдинованын үй-бүлөсү 20 миң доллар өлчөмүндө компенсация ала турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине FlyDubai компаниясынын маалымат борбору билдирди.

Boeing учагынын сыныктарын издөө 15 миң чарчы метр аймакта жургүзүлүүдө
Ишембиге караган түнү Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учураган. ӨКМнын маалыматына ылайык, кырсыктан 62 адам — 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү көз жумган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны, аталган компанияда беш жылдан бери иштеп келе жаткан 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да болгон.

Кырсыктан көз жумгандардын баарынын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет.

“Учурда каза болгондордун үй-бүлөлөрүн издеп жатабыз. FlyDubai баарына 20 миң доллардан компенсация төлөп берет”, — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Компания ушундай эле жардамга Жылдыз Насирдинованын үй-бүлөсү да ээ боло турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0