Чек ара кызматы: Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын чек арачысы. Архив
Кыргызстандын чек арачысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган аймакта Чек ара кызматынын төрагаcынын орун басары Таалайбек Усубалиев жүрөт. Эки өлкөнүн тиешелүү тараптары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагында атышуу болду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Учурда аталган аймакта Чек ара кызматынын төрагаcынын орун басары Таалайбек Усубалиев жүрөт жана эки өлкөнүн тиешелүү тараптары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

"18-20-март күндөрү аталган чек ара тилкесинде эч кандай атышуу болгон жок. Учурда абал туруктуу", — деп айтылат маалыматта. 

Чек ара шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланып жатат
Эскерте кетсек, жума күнү, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде Кыргызстан да эки БТР жайгаштырган.

Ошол эле күнү КР Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, блок постторду тез аранын ичинде ачууну талап кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0