Азыркы скайп менен бир барак каттын касиетин салыштырган Султан Жумагуловдун айылга каты

© Sputnik / Расул УсеналиевКыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов. Архив
Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар алыскы атыр жыттуу Ат-Башынын өңгөдөн өзгөчө Өзгөрүш айылында жашап жаткан Атасы менен Апасына, Айылына катты журналист, медиа эксперт, Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов жазды.

Илгери кыргыздар окшош эле кат жазышса керек, башкасы болбосо да, башы коёндой окшош эле: "Алыскы атыр жыттуу айылымда жашаган ата-энеме, бир туугандарыма алыскы Амур облусунда аскердик кызматын өтөп жаткан уулуңар Узакбайдан сагынычтуу, ысык салам кат!!!". Катуу сагынычы менен кусасы көөдөнүн жара тээп турганы катары менен коюлган үч илеп белгисинен эле билинип турар эле… 

© из личного архива Султана ЖумагуловаКыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов

Азыркылар айылына кандай кат жазышарын билбейм. Жазышпайт го, соткасынан чалып же смс айдап коюшат го дейм. Кызым бир жылча Францияда турганда скайп менен "көзмө-көз" сүйлөшүп турдук. Жумалап же айлап келчү каттардын күнү бүтүп баратат. Азыр скайп менен эки башка континентте туруп алышып, конференция өткөрүп жатышпайбы.

Бирок бир барак сары кагазга жазылган каттардан адамдын ичине толгон бугунун, оюнун, арзуусунун илеби кадимкидей согуп турар эле да…

Эмесе, эскини эстеп, бул катты жаздым.

"Алыскы атыр жыттуу Ат-Башынын өңгөдөн өзгөчө Өзгөрүш айылында жашап жаткан Атам менен Апама алыскы Бишкектен уулуңардан ысык салам кат!!! Атамдын тили оорубай калдыбы, апамдын давлениесичи? Койлор тууп бүтсө керек, жем-чөбүңөр жетеби? Быйыл кыш болуп деле кыйраткан жок го, жетсе керек. 

© Султан ЖумагуловСултан Жумагуловдун ата-энеси
Интервью с бывшим директором ОТРК Султаном Жумагуловым - Sputnik Кыргызстан
Султан Жумагуловдун ата-энеси

Өткөндө атама гезит, кроссворддорду берип ийдим эле, баарын узун-туурасынан окуп койсо керек э? Ата, дагы берип ийем. Туулган күнүңүзгө да бара албай калдык, таарынбай туруңуз. Анан да кычап кышта тууласыз да (тамаша). Баса, быйыл араң 87ге чыктыңыз, 100гө чыгам деген убадаңызды унуткан жоксузбу? Балдарыңызды элге уят кылбай, сөз жок 100гө чыгыңыз. 

Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматованын "Айылына каты". Тергеген байбичеге күлгөн чак, таңдайда калган кымыз
Апам бекчелеңдеп чуркап жүргөндүр, бопоросун түтөтүп. Ушу кишини ким 80де деп айтат, анча-мынча келинден тың. Бияктагы балдар-кыздарыңар чогулуп, Ноорузга таттуу-паттуу берип ийдик, ушу кат менен ала барышат.

Өзүбүз баралы десек, кол бошобойт. Ооба, жанталашмай заман, бир шаарда туруп, бири-бирибизди көптөн бери көрө элекпиз. Баягүнү Эркинбек атасына аш берди ресторанда, ошерден эски койдун көзүндөй болгон айылдыктарга кезиктим. Баары эле арманын айтышат "ага жетпейт, буга жетпейт, кызыма иш барбы, аялым ооруп атат, таанышың жокпу" ж.б.у.с.

Ата, сиз акылман кишисиз. "Элдин курсагы тойду, көзү тойду, пейили тойбой жатат" деп айткан сөзүңүз бүтүндөй бир докладга тете экенине күн сайын көзүм жетип баратат.

Мүлдө дүйнөдөгү согуштар, күн сайын күч алган кара өзгөйлүк, көрө албастык бу адамдардын ач көздүгүнөн, пейилинин бузулганынан деп ишене баштадым. Эч ким, сиз айтмакчы, эртең эле өлөрүн элес албай калышты. Ооба, пейилибиз бузулду, көзүбүзгө дүнүйө менен акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калды.

Сиз гезиттин баарын калтырбай окуйсуз, баарына ишенесиз, капа болосуз, жүрөгүңүз ооруйт. Ошон үчүн тандап иргеп туруп, сатып берем аларды. Анткени, көбүнүн тили заар, ушак менен айың, анча оорду 90догу сиз эмес, мен көтөрө албайм. Ошон үчүн сизге көбүнчө кроссворддорду сатып берем. Бирок сиз алымсынбай баратасыз, анткени, баарын жандыра берип, кызыгы аз болуп калыптыр.

Айылга кат. Жылдыз Жолдошованын пахта талааларына, киндик кан тамган Мадыга болгон сагынычы
Биз болсок турабыз азан-казанда жол талашып. Бири-бирине жини кайнаган, жолун торогон, мен сенден кыйынмын деп кекирейген эле адам. Ушундай жанталашкан, жек көрүүгө толгон турмуштан жадаганда айылга качып барып, таза абадан кере-кере жутуп, жан-дүйнөсү тазарак кишилер менен аралашкың келет. 

Эми даңгыраган жол салынып атыптыр, жайкысын Өзгөрүшкө 5-6 саатта барып калабыз го. Ошондо бат-баттан каттап турабыз. 

Бизге сарсанаа болбогула. Баары жайында. Неберелерди бетинен өөп койгула. Оорубагыла. Бир жакка бармак элем, бул жолу шашылыш болуп калды, эмкиде жай отуруп жазам, макулбу?

Саламым менен Султан.

Баса, апамын О номуруна 300 сом салып койдум". 

Жаңылыктар түрмөгү
0