Авиа кырсыктардан каза тапкан кыргызстандыктар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар Малайзия, Казакстан, Россияда авиа кырсыктарга кабылып каза болушкан.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, кулап түшкөн.

Кулаган Boeing учагына байланыштуу Сариев Медведевге көңүл айтты
Маалыматка ылайык, учактагы 62 жүргүнчүнүн бардыгы каза тапкан. Алардын ичинде стюардесса болуп иштеген 28 жаштагы кыргызстандык Жылдыз Насирдинова бар экени аныкталган

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандыктар каза тапкан авиа кырсыктарды эстеди. 

1. 1996-жыл. "Кумтөр" ишканасына жумушчуларды алып бараткан тик учак жай айларында Жети-Өгүздөгү Жууку капчыгайында кырсыкка учураган. Тик учак Ит тиши аскасына тийип жарылып кеткен. Кырсыктан улам вертолеттогу 15 адам көз жумган. 

2. 10-март, 2000-жыл. Учак Бишкек — Нарын — Көк-Кыя — Ак-Сай тоолуу каттамына аңчылык аймактарын карап чыгуу максатында сапар алган МИ-8Т вертолетунун кыймылдаткычы алсыз болуп калгандыктан, канаты аскага тийип капчыгайга кулап түшкөн. Кырсыктан улам учактагы эки адам каза тапкан. 

3. 24-август, 2008-жыл. Itek Air авиакомпаниясынын учагы Бишкектен Тегеранды көздөй багыт алган. Бирок, техникалык себептерден улам, бийиктикке уча албай калган самолет "Манас" аэропортуна кайтып келүүгө аргасыз болот. "Боинг 737" аэропортко 10 километр алыстыкта жайгашкан Жаңы-Жер айылына кулап түшкөн. Учак бортунда 90 адам болгон, алардын арасында 17 адамдан түзүлгөн баскетбол боюнча кыргыз курама командасынын мүчөлөрү болгон. Кырсыктын кесепетинен 64 адам каза тапкан. Кыргызстанда 26-август, эскерүү күнү деп жарыяланган. Кырсыкка күнөлүү деп тирүү калган экипаждын командири менен экинчи учкуч беш жылга эркинен ажырашкан. 

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иштерман, үзүлгөн үмүт жана уютку. Аксы окуясы 9 жашар баланын көзү менен
4. 29-январь, 2013-жыл. Казакстандагы Кокшетау шаарынан Алматыга учкан самолет кырсыкка учурап, жүргүнчүлөрдүн бардыгы каза тапкан. Алардын арасында бир кыргызстандык бар экени аныкталган. Учакта жалпы 21 адам болгон. 

5. 24-май, 2013-жыл. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Катрансай аймагына АН-2 учагы кулап түшкөн. Анын ичинде эки адам болгон. Алар талаалардагы чегирткеге каршы дары сээп жүрүшкөн жеринен кырсыкка учурашкан. Жыйынтыгында, экөө тең көз жумган. 

6. 4-апрель, 2015-жыл. Малайзиянын "Cempaka Aviation sdn" компаниясынын тик учагы Куала-Лумпурга жакын жайгашкан Субанг аэропортуна алыс эмес жерде кырсыкка учурап, алты адам ажал тапкан. Алардын арасында кыргызстандык Айдана Байзиева болгону аныкталган. Ал учкучтун жардамчысы экени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0