Жергиликтүү бийлик жана жашоочулар өзбек чек арачылардын аракеттери жөнүндө айтып беришти

© SputnikЖалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы чек арачылар
Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы чек арачылар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тосмолор болжол менен жарым чакырым аралыкта орнотулуп, эки жакка каттаган үч райондун эли өзбекстандык чек арачылардын текшерүүсүнө алынды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлуп, ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлүүдө. Бул туурасында Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Улукбек Керимкулов билдирди. 

Өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына  зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. 

© Айбек СаматовЖалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлду
1/5
Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлду
© SputnikАры-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлүп жатат
2/5
Ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлүп жатат
© SputnikӨзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан
3/5
Өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан
© Sputnik18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан
4/5
18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан
© SputnikАла-Бука районун тургуну Айбек Саматов тосмолор болжол менен жарым чакырым аралыкта орнотулгандыгын жана аскердик техникалар жол жээгине токтотулгандыгын айтты.
5/5
Ала-Бука районун тургуну Айбек Саматов тосмолор болжол менен жарым чакырым аралыкта орнотулгандыгын жана аскердик техникалар жол жээгине токтотулгандыгын айтты.
1/5
Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлду
2/5
Ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлүп жатат
3/5
Өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан
4/5
18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан
5/5
Ала-Бука районун тургуну Айбек Саматов тосмолор болжол менен жарым чакырым аралыкта орнотулгандыгын жана аскердик техникалар жол жээгине токтотулгандыгын айтты.

Ала-Бука районун тургуну Айбек Саматов тосмолор болжол менен жарым чакырым аралыкта орнотулуп, аскердик техника жол жээгине токтотулганын айтты.

"Аксы — Ала-Бука трассасындагы жолдун эки жерине өзбекстандык чек арачылар блок пост орнотушканын көрдүм. Алардын арасы болжол менен жарым чакырымдан экен. Ары-бери өткөн элди тыкыр текшерип жатышат",— деди жергиликтүү тургун.

Жол тосулган аймакка кирген Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Керимкулов Могол айылынын үстүнөн Ала-Бука, Чаткал, Аксыга өткөн трассаны өзбек чек арачылары таң эртең менен эле тосуп алгандыгын, бирок, абал тынч экенин билдирди.

Айыл өкмөтүнүн айтымында, учурда өзбек тараптан 40ка жакын аскер техникасы менен, ал эми кыргызстандык тараптан 25ке чукул чек арачы турат.

"Өзбекстандык чек арачылар эртең мененки саат 7:30да блок постторду коюп, элди документ менен өткөрө баштады. Ага чейин эч кандай маалымат алган эмеспиз. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаш аймак экендиги айтылууда", — деди Керимкулов. 

Sputnik Кыргызстан кабарчысы учурда ал жерде Аксы районунун акими, райондук күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жүргөндүгүн кабарлады.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынан бул маселенин себеби аныкталып жана жолдон блок-постту алуу боюнча сүйлөшүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0