Кыргызстандык окумуштуулар "көлдүк мамонттун" сөөгүн эми изилдеп баштайт

© пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Орлиное айылына жакын жерде бир жума мурда табылган мамонтко окшогон жаныбардын сөөгү. Архив
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Орлиное айылына жакын жерде бир жума мурда табылган мамонтко окшогон жаныбардын сөөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда илимпоздордон турган атайын топ Ысык-Көл облусуна келди.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Орлиное айылына жакын жерде бир жума мурда табылган мамонтко окшогон жаныбардын сөөгүн кыргызстандык окумуштуулар изилдеп баштайт. Алар бүгүн азуу тиш табылган аймакка жөнөп кетишти. Бул тууралуу топтун жетекчиси тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын азуу тишин тапкан

Ташбаева окумуштуулар байыркы жаныбардын сөөгү делинген табылганы карап, өздөрүнүн илимий корутундусун берет.

"Курамында тарыхчы, археолог, палеонтологдон турган окумуштуулар тобу мамонттун сөөгү болушу мүмкүн деген табылганы карап, изилдеп өз корутундусун берет. Азыр жолдо баратабыз", — деди ал. 

Ташбаева ошондой эле, окумуштуулар өз корутундусу боюнча эгер муктаждык болсо маалымат жыйын өткөрө турганын кошумчалады.

Россиянын палеонтология институтунун адиси Евгений Мащенко "Көлдүк мамонт" трогонтерий пили же талаа мамонту экенин билдирген

Ал эми айрым окумуштуулар анын мастодонт экенин болжошууда. 

Кыргызстандын аймаганда жок болуп кеткен кайсы жаныбарлар табылганын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0