Көчмөндөр оюндары менен бирге сентябрда ШКУнун аскердик машыгуулары өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековШКУ аскерлеринин машыгуусу. Архив
ШКУ аскерлеринин машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгууга Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө беш мамлекеттин аскерлери катышат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) терроризмге каршы "Тынчтык миссиясы — 2016" штабдык машыгуулары өтө турганын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Бейшемби күнү Бишкекте Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскер делегацияларынын башчылары жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.

Машыгуулар "Эдельвейс" окуу борборунун базасында 5-13-сентябрь күндөрү өтөт.

Ушул эле күндөрү (3-8-сентябрь) Ысык-Көлдө Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0