Тажикстан — Кыргызстан оюнуна билет баасы 9 миң сомдон ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында дүйнө чемпионатына карата тандоо турунун беттешүүсү өтөт. Билеттер үч категорияда сатылууда.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Тажикстан — Кыргызстан оюнуна билеттин наркы 9,2 миң сомго жетти.

Оюн үстүбүздөгү жылдын 29-мартына белгиленген.

Тажикстандын Футбол федерациясы өз сайтына билет бааларын жайгаштырды. Алар биринчи, VIP жана VVIP (супер VIP) категориялары менен сатылууда.

Кыргыз футболун жата калып көрүүнүн беш себеби
Биринчи категориядагы билеттер 20 сомони (Улуттук банктын курсу боюнча 183,5 сом), VIP — 50 сомони (459 сом) жана VVIP категориясындагылар 1000 сомониге (9180 сом) бааланууда.

Эң кымбат билеттерди сатып алган күйөрмандар оюн талаасы жакшы көрүнгөн ыңгайлуу орундарга отуруп, матч ортосунда тейлөөдө каралган тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кыргызстандык команда акыркы жолу былтыр 17-ноябрда Иорданиянын футболчуларын кабыл алып, 1:0 эсеби менен конокторду утуп алган.

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 15 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 13 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0