Тажикстанда өтүүчү футбол оюнуна Кыргызстандан беш күйөрман гана барууга даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин күйөрмандарды микроавтобус менен алып баруу пландаштырылган, бирок бул демилге ишке ашпай калды.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футбол командасы менен Тажикстандын футболчулардын беттешүүсү өтө турган Душанбе шаарына улуттук кураманын беш күйөрманы гана бара турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Red Falcons фан-клубунун мүчөсү Эсеннур Алмазбеков билдирди.

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Душанбеде өтө турган оюн 29-мартка белгиленген. 

Алмазбековдун айтымында, матчка барууну каалоочулар көп болсо, микроавтобус заказ кылуу пландаштырылган. 

"Тилекке каршы, азырынча оюнга баруучулар чыга элек. Болгону беш киши аныкталды. Автостоп менен эле барышыбыз мүмкүн", — деди ал. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA кыргыз футболунун ийгиликтерин баалады
Кыргызстандык команда акыркы жолу былтыр 17-ноябрда Иорданиянын футболчуларын кабыл алып, 1:0 эсеби менен конокторду утуп алган.

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 15 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 13 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0