Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылбаган ректорлор иштен кетеби?

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүГезитте жумуш карап жаткан кыз. Архив
Гезитте жумуш карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөбүздөгү көйгөйлөрдүн бири болгон жумушсуздук маселесин чечүү үчүн депутаттар өз сунуштарын беришти. Ага ылайык, жаштарды жумуш менен камсыздоого ректорлор милдеттендирилип, аны аткарбаган жетекчи жумуштан алынат. Бул долбоорго ректорлордун, жаштардын мамилесине Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жогорку окуу жай (ЖОЖ) бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу маселесин камтыган мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, ЖОЖ ректорлоруна бүтүп жаткан студенттерди жумуш менен камсыздоо милдеттендирилет. 

"Кыргызстанда ЖОЖ саны көп болгону менен сапаты төмөн. Мындан сырткары, жаштар арасында юрист, экономист болгусу келгендер көбөйүп, көпчүлүгү жумушсуз калууда. Биз ректорлорго бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызын жумуш менен камсыздоону жүктөп жатабыз. Мунун арты менен инкубатор сыңары билимсиз жаштарды чыгарган окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алууда ойлонмок", — дейт депутат.

Эл өкүлү жаштарды жумуш менен камсыздоо тартиби мыйзам долбоорунда каралганын айтты.

"Бул сунушту реалдуу иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүм көзөмөлдөп, бардык аракетибизди көрөбүз. Ректорлор биздин максат окутуп эле тим болуу деп жатышат, ал туура эмес. Жумуш менен камсыз кылбаса, ал жетекчи иштен кетет", — дейт Икрамов.

Кыргыз жаштары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ар бир 20-жумушчу орунду жаштарга бекитип берүү сунушталууда
Баяман Бузуркулов Таласта төрөлүп, бала чагынан эле прокурор болууну кыялданчу. Аны кошуналары жана мугалимдер "биздин айылдын прокурору" деп эркелетишчү. Ата-энесинин жалгыз уйун сатып, бийик максаттарына жетүү үчүн борборго сапар алат. Беш жыл ачка-ток калып жүрүп, юрист адистиги боюнча билим алган Баяман учурда Москва шаарында сатуучу болуп эмгектенет. Ал үй-бүлөсүн багуу менен бирге ата-энесинин насыясын да төлөйт. 

"Менин тайпамда 30 бала окууну бүттү. Алардын бир нечеси гана кесиби боюнча иштеп жатат. Таанышы жана тыйыны жоктор талаалап жүрөбүз. Жумуш менен камсыз кыла албаган соң эмнеге окуу жайлар миңдеген студенттерди бүтүргөнүн түшүнбөйм. Бизге окшогондордун тагдыры мамлекетти кызыктырбай калды", — дейт Бузуркулов. 

Транспорт жана архитектура университетинин биринчи проректору Ташболот Саткыналиев бул сунушту ишке ашырууда көптөгөн маселелер бар экенин айтты.

"Биздин студенттер өзүлөрү жумушка орношуп жатышат. Жоопко тартуудан мурун шарт түзүп берсин. Студенттер практика өтүп, аларды башкалар жумушка алсын деген маселени чечсин. Жөн туруп эле долбоор жаза берген туура эмес. Элден мурун жумушка орноштуруунун негизин түзүү керек", — дейт проректор.

Анын айтымында, ар бир 20-жумуш орунун жаштарга берген күндө деле туура бөлүштүрсө иш баарына жетет.

Абитуриент Россиядагы ЖОЖго документ тапшыруу кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Глебова: россиялык ЖОЖдор 15 миң чет өлкөлүктөрдү акысыз окууга чакырат
"Жумуш орундарын туура бөлүштүрүүнүн натыйжасында көп жылдык тажрыйбасы бар адистер, аларга кошулуп жаштар да жумуш менен камсыздалат. Айыл-чарба, суу чарба, курулуш тармагына жаштарды алып келүү керек. Бул жагынан алганда мыйзам долбоору жакшы. Башкысы — өкмөттүк ишканалар студенттерди практикага алуусун милдеттендирсе болмок. Биздин студенттер акча төлөп практика өтүшүүдө", — дейт Саткыналиев.

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов завод, фабрикалар иштебеген өлкөдө студенттерди жумушка орноштуруу өтө кыйын экенин белгиледи.

"Педагогдор менен доктурлар бат эле жумушка орношот. Келишимдик негизде окугандардын конституциялык укуктары бар, кааласа окуусун улантат, болбосо жумушка орношот. Алар эркин адамдар, колунан кармап барып жумушка орноштура албайбыз. Жумушка орноштуруу үчүн инфраструктура болуусу керек. Завод-фабрика иштебей жатса, техникалык билим алгандарды кайда барып орноштурабыз?", — дейт ректор.

Ал мектептердеги төмөн айлыктарга жаштарды кантип иштетебиз деген суроого кызыкдар.

"Өкмөттүн берген маалыматына таянсак, өлкө боюнча 1000ге чукул мугалим керектелет экен. Анан биздин университет, улуттук, гуманитардык, Нарын, Ош, Талас, Баткен университеттери жыл ичинде канча деген адисти чыгарат, мектепте орун жок болсо, кайда барып орноштурабыз?" — дейт Абдрахманов.

Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков күнөөнүн баарын ректорлорго коюу туура эмес экенин айтты.

"Маселе туура көтөрүлүп жатат. Бирок, ал үчүн өлкөдө экономика иштеп турушу керек. Демилгени көтөрүп жатканда алгач депутаттар бизде качан жумуш орундар пайда болорун, экономика өнүгөрүн айтышсын. Өзүлөрү келип контракттык негизде окууну бүтүргөндөр жумуш таппай калса окуу жайдын эмне күнөөсү бар? Биз да жөн отурбай колдон келген аракетибизди көрүп жатабыз. Маселе өтө көп, күнөөнүн баарын ректорлорго коюу туура эмес", — дейт Камчыбеков.

Анын айтымында, маселенин талуу жери башка жакта.

Жумуш издеген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диплом колго тийгенден кийин бүтүрүүчүлөр кайда кетет?
"Мен силерге чоң сыр айтайын, өлкөдө 52 окуу жай болсо, анын ичинен медициналык академия менен улуттук консерваториядан башкасынын баары юрист менен экономистти даярдайт. Андан көрө депутаттар чогулуп ушул маселени тартипке келтирбейби?", — дейт ректор.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, анда жакынкы арада айыл чарба, энергетика, туризм жана курулуш жаатындагы адистиктер талап кылына турганын билдирген. Анын айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү менен совет доорунун техникалык жумушчулары адистигин өзгөртүп же пенсияга чыгып, ал эми жаштар көбүнесе экономист, юрист, финансист адистиктерин тандап кетишкен.

2013-2017-жылдар аралыгында жалпы жолунан 280,1 миңден ашуун адис керектелет. 

Жумуш берүү боюнча айыл чарба тармагына 50 миң, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагына 30 миң, курулушка 24 миң, тейлөө кызматтарына (мейманкана жана ресторан) 7,5 миң, электр тармагына 3,5 миң адис керектелмекчи.

Кыргызстан боюнча 2015-жылы 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 95 миң окуучу аяктады.

2014-2015-окуу жылында студенттердин саны 214 миң 410го жетсе, окуу жайды 41 миң 799у аяктаган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча эмгекке орноштуруу үчүн республика боюнча 2014-жылы 7964 жогорку билимдүү жаран катталса, кийинки жылы каттоодон 6961 жаран өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0