Кайгуул милиционеринин формасы

© Sputnik / Бакыт ТолкановКайгуул милиционеринин формасы
Кайгуул милиционеринин формасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи июлга карата Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматтардын биригүүсү аяктайт. Жаңы түзүлгөн башкармалык эки кызматтын милдетин аткарат.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн атайын форма тигилгенин маалымат жыйында ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

© Sputnik / Бакыт ТолкановКайгуул посттук кызматкерлеринин формасы
Новая форма сотрудников новообразованного ГУПМ - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул посттук кызматкерлеринин формасы

Анын айтымында, кайгуул милициясын түзүү 2012-жылы эле башталып, 1-апрелден тарта Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматтардын бириктирилет. Бул жаңылык алгач Бишкек шаары менен Чүй жана Ысык-Көл облустарында сыноодон өтүп, 1-июлдан тартып бардык региондо иштей баштайт.

"Кызматкерлер үчүн жаңы форма тигилди. Муну менен бирге алардын төшүнө видеокаттоочу түзүлүш тагылат. Үзгүлтүксүз сегиз саатка чейин иштейт", — деди ал.

Абдыжалиев мындай аракеттер калктын ыңгайлуулугу үчүн жасалып жатканын белгиледи. Анын айтымында, практика адамдар милицияга ар кандай маселелер менен көп кайрыларын, мындан улам, аталган кызмат универсалдуу болушу күтүлүүдө. Кайгуул милициясы күнү-түнү тынбай иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0