Оштун эли заманбап кинотеатрга ээ болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКинотеатр. Архив
Кинотеатр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинотеатр ижарага берилип, анын натыйжасында имараттын чатыры, фойеси, маңдайкы бети жана 150 кишилик кинозалы капиталдык ремонттон өткөн.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Ош шаарында акыркы технологиялар менен жабдылган кинотеатр ачылганын Кинематография департаменти билдирди.

Сахнадагы театр артисти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук театры улуттук драма театрын жеңип алды
Маалыматка ылайык, ачылыш салтанаты кечээ, 15-март күнү өтүп, ага депутат Садык Шер-Нияз, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Аземде келген элге "Курманжан датка" тасмасы көрсөтүлдү.

Департаменттин директору Мукталы Бектеналиев "Кыргызстан" кинотеатры ижарага берилип, анын натыйжасында имараттын чатыры, фойеси, маңдайкы бети жана 150 кишилик кинозалы капиталдык ремонттон өткөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0