Ош милициясы: Сирияга барып согушкер болгондордун орду түрмөдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириядагы автоматчан киши. Архив
Сириядагы автоматчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош милициясынын башчысы Сириядагылар жыргап кетпегендигин түшүндүрүп, амир-темурлуктарды чет өлкөдө ишсиз жүргөн балдарын мекенине чакыруу керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. ИИМдин Оштогу башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков 50 миң адам жашаган Амир-Темур аймагынын жашоочулары менен жолугуп жатып, ал жергиликтүү тургундарды диний-экстремисттик уюмдардын кылтагынан алыс болууга чакырды. 

Ал Сириядагылар жыргап кетпегендигин түшүндүрүп, амир-темурлуктарды чет өлкөдө ишсиз жүргөн балдарын мекенине чакыруу керектигин айтты.

"Сирияга кеткендер ал жакта өлүп жатат, Кыргызстанга кайра келсе — орду түрмөдө. Ал жакта башаламан, ачкачылык болуп жаткандыгын гезиттерден окуп, интернеттен көрүп-билип жатасыздар. Ири шаарлардан урандылар эле калды", — деди Өмүрзаков.

Ал элге ислам жамандыктын эмес, тынчтыктын, өсүп-өнүгүүнүн дини деп түшүндүрдү. 

"Эгер адам ушунчалык эле динге берилсе, анда ал биринчи кезекте өз ата-энесине жардам берип, бактылуу кылышы керек. Балдарыңыздар чет өлкөдө ишсиз отурса, аларды бул жакка чакырыңыздар, мындай кадам менен мекендештерибизди алдамчылыктан, азгырыктан сактап кала алабыз. Биз жакшы жана өнүккөн өлкөдө жашоону кааласак биринчи кезекте — туруктуулукту сакташыбыз керек", — деди ИИМдин Оштогу башкармалыгынын башчысы.

Мындан сырткары аймактык кеңешинин жашоочулары менен улуттар аралык ынтымак, кылмыштуулук менен күрөшүү, саясий иш-чараларды утурлай тараган ушак-айыңдар тууралуу сөз болду.

Ал саясий өнөктүктөр жакындаган сайын ар кандай такталбаган маалыматтар тарап жаткандыгын "укук коргоо органдары коомдук тартиптин бузулушуна жол бербестигин" айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0