ЖАМК кызматкерлери аттестациядан өтүүдө

Жазылуу
Комиссия кызматкерлердин жөндөмүн, билимин текшерип, алардын ээлеген кызматына шайкеш келерин аныктайт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында иштегендер аттестациядан өтүп жатканын аталган мекеме билдирди.

ЖАМК кызматкерлери мини-футболдун сазайын беришти
Маалыматка ылайык, кызматкерлер жаза-аткаруучу жана кылмыш укугунун жоболорун билип, соттолуп жаткандарга колдонулуучу чараларды билүүсү талап кылынат. Мындан тышкары, алардын АК-47 автоматы менен ПМ-9 тапанчасын колдоно билүү ыкмалары текшерилет.

Өз кезегинде аттестациялык комиссиялар калыс баанын негизинде кызматкерлердин жөндөмүн байкап, ээлеген кызматына төп келерин аныктап чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0