Ислам университетин 16 жыл башкарган Абдышүкүр Нарматов кызматтан кетти

© пресс-служба ДУМК КРИслам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов. Архив
Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдышүкүр ажы өз ыктыяры менен ректорлукту тапшырды. Бирок аалымдар кеңешинин төрагасы бойдон кала берет, дейт муфтияттын маалымат кызматы.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов кызматынан кеткенин КР мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Маалымат ылайык, Нарматов өз ыктыяры менен ректорлукту тапшырып берген. Аталган окуу жайга мурунку проректр Марс Ибраев жетекчи болуп дайындалды. 

"Абдышүкүр ажы өз ыктыяры менен ректорлукту тапшырды. Бирок аалымдар кеңешинин төрагасы бойдон кала берет. Эмне максатта бул кадамага барганын айткан жок", — дейт муфтияттын маалымат кызматы. 

Абдышүкүр Нарматов Кыргызстан Ислам университетинин ректору болуп 16 жыл иштеди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0