Чүй облустук сот айыпкерди качырып жиберген күзөтчүлөрдү камакта калтырды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКамак. Архив
Камак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзөтчүлөрдүн колунан качып кеткен Алымкулов эки жумадан кийин Бишкектеги "Туңгуч" кичи районунда өң-келбетин өзгөртүп, "кош бойлуу" абалында кармалган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыпталуучу менен саунага барып эс алып, ошол жактан аны качырып жиберген күзөтчүлөр камакта калтырылды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.

Эскерте кетсек, эки жума мурун 27 жаштагы соттолуучу Азатбек Алымкулов Аламүдүн районунда өтүүчү сот процессине алып келген күзөтчүлөрдүн колунан качып чыккан. 

Маалыматка ылайык, сотко бара жатып күзөтчүлөр Алымкуловду үйүнөн жубайы жана кызы менен жолуктуруп, ал жактан чыккандан кийин чогуу саунага барышкан. Айыпталуучу ошол жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Саунада чогуу эс алып күзөтчүлөрдөн качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды
Бул боюнча Аламүдүн райондук сот аталган күзөтчүлөрдү 29-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Буга макул болбогон күзөтчүлөрдүн биринин адвокаты жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылган.

Чүй облустук соту аталган ишти карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми Алымкулов эки жумадан кийин Бишкектеги "Туңгуч" кичи районунда өң-келбетин өзгөртүп, "кош бойлуу" абалында кармалган.

Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Бишкек шаарында "Түштүк-2" кичи районунда №2 үйдүн 42-батиринде жашап келген.

Ал КРдин Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча соттолууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0