Кыргызстандын бүркүттөрү үчүн Түркияда иш табылды

Жазылуу
Атка минерлер аэропорт үстүнөн учкан квадрокоптерлер көбөйүп кеткендиктен, ишке жырткыч канаттууларды тартууну чечишкен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Түркиянын аэропортторундагы дрондорду кармоо үчүн Кыргызстандын бүркүттөрү тартыларын түрк маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Өлкө аэропортторунун мамлекеттик администрациясынын башкы директору Гусейин Йылдырым журналисттерге дрон менен күрөшүүгө бүркүттөрдү тартуу натыйжалуу ыкма болуп жатканын түшүндүрдү.

"Акыркы мезгилде канаттууларга караганда аэропорт үстүнөн учуп жүргөн дрондор кооптуу болуп калды. Мындай көрүнүш өлкөдөгү ири аба майдандын бири — Ататүрк аэропортунан көп байкалууда. Дрондорду кармоого Кыргызстандан бүркүттөр тартылышы мүмкүн, — деди ал.

Буга чейин Нидерланд өлкөсүнүн полиция кызматкерлери дрондорду ителгинин жардамы менен кармоо боюнча атайын программаны ишке киргизген. Мындай кадам менен укук коргоо органдары табигый кырсыктары же өзгөчө кырдаал учурунда жеке жашоого кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0