Археолог: Көлдөн табылган сөөктү калыбына келтирип мамонт же мастодонт экенин билсе болот

© Канат Болотов Ысык-Көл өрөөнүнөн мамонттун сөөгүнө окшош табылган жер.
Ысык-Көл өрөөнүнөн мамонттун сөөгүнө окшош табылган жер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ысык-Көл өрөөнүнөн мамонттун сөөгүнө окшош табылганы калыбына келтирип, анын мамонт же мастодонт экенин билүүгө болот. Бул тууралуу Улуттук университеттин археология жана этнология кафедрасынын ага окутуучусу, археолог Ороз Солтобаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан.

Анын айтымында, бул табылга Кыргызстандын аймагында дагы жоголуп кеткен ири жаныбарлар жашап кеткендигинен кабар берет.

"2001-жылы дал ушул Жыргалаң суусунун жээгинен бир мергенчи мамонттун мүйүзү (бивень) болушу мүмкүн деген сөөктү тапкан. Мен аны өз көзүм менен көргөм. Кийин ал мастодонт деген жаныбардыкы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Андыктан жаңы тыбылган сөөктү сүрөттөн жана видеодон көрүп, ал мастодонттуку болушу мүмкүн деп жатам", — дейт ал.

Солтобаев Ысык-Көлдө табылган сөөк уникалдуу табылга экенин айтат. Ал жар боорундагы жер көчүп түшкөндөн кийин көрүнгөн. Андыктан "ал жерде анын толук тулку бою болушу мүмкүн", дейт ал.

Археолог илим үчүн абдан маанилүү сөөк табылган жер атайын курчоого алынышы керектигин кошумчалады.

"Бул табылга толук изилденип бүткөнгө чейин ал аймак коргоого алынышы керек. Себеби аймак илим үчүн абдан маанилүү жер болуп саналат. Ал жерде комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүү керек. Эгер бизге жардам сурап кайрылышса барып жардам бергенге даярбыз", — деди ал.

Акибаев: "көлдүк мамонт" илимпоздордун ишин илгерилетет
Солтобаев жоголуп кеткен жаныбарлардын сөөгү Талас өрөөнүндөгү Кең-Кол суусунун жээгинде өткөн кылымдын 20-жылдарында табылганы тууралуу маалыматтар бар экенин белгиледи. Андан сырткары деңизде гана боло турчу жандыктардын калдыктары Нарындан табылганын айтты. 

"2014-жылы Нарын өрөөнүндө археологиялык казуу учурунда тоонун бетинен илимде устрица деп билинген үлүлдүн калдыктары табылган. Демек бул аймакта бир мезгилде деңиз болгон деп айтууга негиз бар. Устрица үлүлү азыр тоонун бетинде таш болуп катып калган", — деди ал.

Археологдун айтымында Кыргызстанда жоголуп кеткен байыркы жаныбарларды изилдеген палеозоолог, палеобиологдор дээрлик жок.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0