Кыргыз футболун жата калып көрүүнүн беш себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрман. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн мурун өлкөнүн футбол боюнча мааракелик биринчилиги башталды. Бул мелдештин кызыктуу өтүшүнө бир нече себеп бар.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Эки күн мурун Кыргызстандын футбол боюнча мааракелик, 25-чемпионаты — Жогорку Лига башталды. Эки оюн болуп, анын биринчисинде Нарындын "Ала-Тоосу" 4:1 эсеби менен "Кара-Балта" клубун утуп алды. Ал эми экинчи оюнда учурдагы чемпион "Алай" 1:0 эсеби менен Канттын "Абдыш-Ата" командасынын үстүнөн жеңишке жетишти.

КРнын Футбол лигасынын маалыматтык өнөктөшү болгон Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз футболунун беш артыкчылыгын санап берет.

Ар бир спортчу жеңишке жетүү үчүн колдон келген аракетин жасашты - Sputnik Кыргызстан
Убакыт, бүркүлгөн суу жана жеңишке болгон аракет. Бишкектеги сууда сүзүү боюнча мелдеш
Биринчи себеп — натыйжалуулук

Былтыр ар бир оюнда орточо эсеп менен 3,3 гол киргизилчү.

Быйылкы сезондо эки оюнда дарбазага алты топ кирди. Оюнчулар күйөрмандар зерикпей турганын айтып, мындан ары да бул жаатта ийгиликтерди жаратарын айтышууда.

Экинчи себеп — кызыктуу оюн

Календарга ылайык, ар бир турда жети команданын бирөөсү оюндан тыш калат. Матчтардын саны да салыштырмалуу азайып, былтыркыдай 20 эмес, 18 болот. Демек, командалардын аз ойноп, көбүрөөк эс алуусуна шарт түзүлөт. Мындан улам кызыктуу оюн көрсөтүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болот.

Үчүнчү себеп — атаандаштыктын күчөшү

Жергиликтүү футболдун көч башында турган "Дордой" командасы былтыр кезектеги чемпиондуктан куру жалак калды. Быйыл бул наамды кайтарууга дымагы күч болуп турган кербези. Өз кезегинде Оштун "Алай" командасы өлкөнүн мыктысы экенин жана азия кубокторунда кокусунан жеңилип калганын далилдөө үчүн болгон аракетин жумшоо алдында турат.

Канттын "Абдыш-Атасы" менен бишкектик "Алга" командалары да алдыңкы орундар үчүн ат салышууга даяр турат. Муну менен бирге клубдардын саны жетиге чейин өсүп, жападан жалгыз аутсайдер "Кей-Жи Юнайтед" командасын такымдап "Алдиер" жана "Кара-Балта" командалары келе жатат. 

Бишкекте ат спорту боюнча шаар чемпионаты башталат
Төртүнчү себеп — жаңы жылдыздар

Былтыркы сезондо жергиликтүү клубдардан чет элдик командаларга бир катар футболчулар — Бахтияр Дүйшөбеков, Акрамжон Умаров, Иван Филатов, Фурхад Мусабековдор кетишкен. Эми алардын ордун жаш оюнчулар басып, өз өнөрүн көрсөтүүгө мыкты шарт түзүлөт. Мындан тышкары, кыргызстандык футболчулардын клуб которуп кетиши чет элдиктер жергиликтүү футболго кызыгарын, ага көз салып турарын көрсөттү.

Бешинчи себеп 

Акыркы себеби каражатка байланыштуу. Оюндарга кирүү акысыз, андыктан досторуң менен чогулуп, аны өз көзүң менен көрө аласың. Мындан тышкары, жаңы жылдыздардын жаралышына "түз" күбө болосуң. Ал эми кафелерден чет элдик футбол көрүү капчыгыңды миң сомго чейин "күбүп" алат.

Футболду сүйгүлө, футбол көргүлө, спорт менен гана ооругула.

Жаңылыктар түрмөгү
0