Симба аттуу арстан атасы менен болгон чырдан улам Бишкекке алынып келди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗоопарткагы арстан. Архив
Зоопарткагы арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арстан баласын багуу үчүн бир күндө беш килограмм уй эти, эки килограмм карын керектелет. Келечекте жырткычка витаминдер да берилип, мал доктурлардын такай көзөмөлүндө болот.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik, Азамат Аралбаев. Бишкекке Дагестандан тогуз айлык Симба аттуу арстандын баласы алынып келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бугу-Эне" коомдук фондунун мүдүрү Салтанат Сейитова билдирди.

Анын айтымында аталган арстандын баласы белек катары келген. Себеби, Симба зоопаркта атасына атаандаштык жараткандыктан, өмүрүнө коркунуч келтирген. 

Сейитованын айтымында арстан баласы учурда Бишкек шаарында мал доктурлардын текшерүүсүнөн өтүүдө. Ал бир айдан соң Караколдогу зоопаркка барат.

"Мал доктурлардын айтымында Симбанын абалы жакшы. Караколдо ал үчүн мыкты шарттар түзүлгөн", — дейт Сейитова. 

Ал кошумчалагандай кайдыгер эмес адамдар тарабынан Симбага деп атайын акча чогултулууда. Ал каражат Симбо үчүн келээрки кышка болгон камылгага жумшалат. 

"Учурда анын түгөйүн табууну ойлонуп жатабыз. Убакыттын өтүшү менен жалгыздыктын айынан жаман жактарын көрсөтө баштайт", — дейт Сейитова. 

Арстан баласын багуу үчүн бир күндө беш килограмм уй эти, эки килограмм карын керектелет. Келечекте жырткычка витаминдер да берилип, мал доктурлардын такай көзөмөлүндө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0