Акыйкатчы институту: милиция кызматкерлери жарандардын арыздарын кабыл албайт

© Sputnik / Эркин АлымбековМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулардын берген маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгоодон негизсиз түрдө баш тартышат.

БИШКЕК, 13-мар. – Sputnik. Укук коргоо органдарына кайрылган жарандар ар качан тоскоолдуктарга кабылат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди. 

Милицияга жарандар тарабынан берилген арыз даттанууларды укук коргоочулар анализге алышкан. Жыйынтыгында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү кармоо учурунда жана тергөө амалдарын жүргүзүүдө туура эмес ыкмаларды колдонушарын аныкташкан. Мындан сырткары жарандар жабырлануучулардын укуктары көпчүлүк учурда корголбой калып жатканын акыйкатчыга билдиришкен. 

"Элден түшкөн бардык арыздар кабыл алынбайт. Буга ылайык кылмыш иштери негизсиз түрдө иликтенбей калып жатат", — деп билдирет Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы. 

Жаңы түзүлгөн Кайгуул милициянын башкармалыгы 1-апрелден тарта иштей баштайт
Укук коргоочулардын берген маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгоодон негизсиз түрдө баш тартышат. Ал эми ыкчам иликтөө кызматкерлери менен тергөөчүлөр өз функцияларын аткаргандын ордуна шектүүлөрдү коргоого аракет жасашат. 

2015-жылы Акыйкатчы институтуна милиция кызматкерлери доо-арыздарды карабай жаткандыгы тууралуу 316 кат келип түшкөн. Анда жарандар тергөөчүлөрдүн начар иш алып барып жатканын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0