Муфтият өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду абакка кесүүгө макулдугун берди

Жазылуу
Жаңы мыйзам долбоору боюнча өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдо гана эмес баш кошууга шарт түзгөн ата-эне дагы мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш болот. Мыйзам долбоорунун оош-кыйышын журналист Айида Батырбекова иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Муфтият 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин абакка отругузууга макулдугун берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине депутат Эмил Токтошев билдирди. 

Быт в селе - Sputnik Кыргызстан
Жетимдерди убактылуу баккың келеби, айкөл кыргыз?
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова баш кошууга белсенген жубайлар расмий каттоодон өтмөйүнчө молдонун нике кыюусуна тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жарыялаган. Анда нике күбөлүгүн көрбөй туруп нике кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Бирок, мыйзам долбоору коомчулук, айрыкча дин кызматкерлери тарабынан катуу сынга кабылып, түшүнбөстүктөр пайда болгондуктан мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. 

Мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Эмил Токтошев өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду жазага тартууга муфтият макулдугун бергенин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Эмил Токтошев
Депутат Эмиль Токтошев - Sputnik Кыргызстан
Мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Эмил Токтошев

"Буга чейинки сунушталган мыйзам долбоорунда нике күбөлүгүн көрбөй туруп никесин кыйган молдолордун бардыгын жазага тартуу сунушталган. Дин өкүлдөрү менен кайрадан талкуу жүргүзүлгөндөн кийин, 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду гана жоопко тартуу киргизилди. Ал эми 18 жаштан жогору жарандарды күбөлүксүз никесин кыйышса алар жоопко тартылбайт", — дейт депутат. 

Ал эми кыздын жашы 17де баланын жашы 19да, башкача айткандай бала кыздан улуу болуп калса кандай болот деген суроого депутат төмөндөгү жообун берди: 

"Баш кошууга белсенгендердин бири (кыз болобу, бала болобу) өспүрүм курактагы жаран болсо, нике кыюуга тыюу салынат. Эгер аларды үйлөнүүгө ата-энеси кыйнаган болсо, ата-энеси да жоопко тартылат. Ал эми эч кимге айтпай өз алдынча үйлөнүп алышса анда өздөрү камалат", — дейт Токтошев. 

Бул маселе боюнча Чубак ажы Жалиловго кайрылганыбызда өспүрүмдөр 18 эмес 17 жаштан тартып эсептелинерин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы Жалилов

"Баш кошо тургандардын жашы 18де болуп, алар тез арада үйлөнүүгө турмуш кыстап жатса (үйдүн жалгыз уулу, башка өлкөгө кетип жатса ж.б.), айыл өкмөтүнө кайрылып, үйлөнүүгө уруксат алышса болот. Андыктан, 17 жашка чейин никеге турууга толук тыюу салынат деп айтсак туура болот", — дейт Чубак ажы. 

Англиядагы боз үйдөгү нике той. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боз үйдөгү нике той — Англияда көчмөн стилдеги үйлөнүү тойлор кеңири жайылууда
Анын айтуусунда, жазага бир гана молдолор эмес үйлөнүүгө шарт түзүп берген ата-энеси дагы тартылат. Мындай шарттарга муфтият макулдугун бергендигин Чубак ажы да белгилеп өттү. 

"Расмий молдоке кызматында иштегендердин бардыгы нике кыюуга укуктуу болот. Ал эми молдоке болуп иштебегендер атайын окутуудан өткөндөн кийин гана аларга лицензия берилип, нике кыюуга укук алышат. Анткени расмий эмес молдолор никени туура эмес кыйып, ызы-чуу чыккан жагдайлар болгон", — деген Чубак ажы Жалилов лицензиясыз молдолорго нике кыюуга тыюу салуу сунушун колдоорун айтты. 

Ал эми 18 жаштан жогорку жарандарга күбөлүксүз нике кыюуга уруксат берилип, бирок муфтияттын атайын каттоо китепчесина катталаарын Чубак ажы кошумчалады. 

"18ден жогору жаштагы жарандардын никесин кыйган молдолор жубайлардын ысымын муфтияттын китепчесине каттап коет. Кийин эки жаш ажырашып кетсе, ошол муфтияттан берилген баракча аркылуу өз укуктарын коргой алышат ", — дейт ал. 

Мыйзам долбоорду талкуулоого катышкан муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга шарт түзгөндөрдүн бардыгын жоопко тартууга муфтият макулдугун бергендигин тастыктады. 

© пресс служба ЖК КРМыйзам долбоорду талкуулоого катышкан муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов
Равшан Эратов, заместитель муфтия КР - Sputnik Кыргызстан
Мыйзам долбоорду талкуулоого катышкан муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов

"Мыйзам долбоорун талкуулоодо 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга шарт түзгөндөрдүн бардыгын жоопко тартуу сунушун колдодук. Ага балдардын ата-энеси, молдолор дагы кирет", — деди Эратов. 

Философия илимдеринин доктору, профессор жана аялзат, үй-бүлө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн Мариям Эдилова аталган мыйзам долбоорун кош колдоп колдоорун айтты. 

"Сунушталып жаткан мыйзам бизге абдан керек. Себеби, кыздын физиологиялык, биологиялык жана анотомиялык жетилүүсү 18 жаштан кийин башталат. Экинчиден, кыз эне катары калыптануусу үчүн жок дегенде орто билим алууга тийиш. Андыктан, мыйзамды колдоп, аткарганыбыз туура болот", — дейт ал. 

Ал эми Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова мыйзам долбоорун колдоорун айтып, бирок түшүнүксүз тараптары дагы бар экенин белгиледи. 

© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КРКонституциялык палатанын соттор коллегиясынын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова
Сооронкулова Клара Сыргакбековна, судья Конституционной палаты - Sputnik Кыргызстан
Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова

"Менимче бул туура мыйзам. Анткени, ал өспүрүм кыздардын саламаттыгын, жалпысынан аялдардын укугун коргоого багытталган. Бирок, мыйзам ишке кандай түрдө ашат? Молдого өздөрү суранып баргандар анын үстүнөн арыз жазышабы? Өз ыктыяры менен никеси кыйылган кыздар кандайча жабырлануучу болуп таанылат? Бул маселеде негизги аракеттер муфтият тарабынан жүргүзүлүшү керек", — дейт Сооронкулова.

Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барат
Анын айтымында, мындай мыйзам Түркия менен Азербайжанда колдонулуп, мамлекеттик каттоосуз нике кыйылбайт. Бирок, Кыргызстанда эки жана андан көп аял алууга тыюу салынган мыйзам болгону менен жоопко эч ким тартыла электигин айткан Сооронкулова бул мыйзам дагы "өлүк" беренеге айланып калабы деген күмөнү бар экенин кошумчалады. 

Мектепти бүтүп эле үйлөнгөн Эрмек (аты-жөнү өзгөртүлдү) алган жубайы менен эки жыл жашап ажырашканын айтты. 

"Көчөдө балдар менен отурсак, агайыбыз келип эртерек үйлөнүп, балалуу болуш керек деп айтып калды. Дос балдар менен сүйлөшүп отуруп мелдеше кеткенбиз. Мен үйлөнсөм алардын бири ичимдик, ала качууга унаа даярдамай болушту. Мен макул болуп кызып алгам. Досторум байкеме барып иниңизге кыз ала качабыз десе урушуп салат. Кечинде үйгө келсем, апам "кана келин" деп сурады. Үйдү тазалап даярдык көрүп алышыптыр. Анан эртеси досторум менен 40 чакырым алыстыктан 16 жаштагы дүкөндө иштеген кызды ала качып келгенбиз", — дейт Эрмек. 

Эрмек эрте үйлөнгөнүнө өкүнөөрүн бирок ортолорундагы баласын ойлоп шүгүр кыларын айтты. 

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлуп, апрель айында парламенттин талкуусунан өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0