Бишкектин кээ бир аймагында көгүлтүр от берүү токтотулат

© Фото / Alexander ChechetkinГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана газ түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-15-март күндөрү жаратылыш газын берүү токтотула турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы шаардын Исанов, Кудрук, Ташкент жана Манас көчөлөрүнүн чектешкен бөлүгүндө өчүрүлөт. 

"Газпром Кыргызстан" бул газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0