Министрлик турак жайды камсыздандырууда жеңилдик берилүүчү жарандарды атады

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирген.

БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Эмгек жана өнүгүү министрлиги турак жайды камсыздандырууда айрым жарандарга 100 жана 50 пайыздык жеңилдиктер берилерин айтты. 

Эске салсак, Кыргызстанда турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирген.

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен Ленинград блокадасынын катышуучуларына берилүүчү жеңилдиктер: 

  • I, II, III топтогу майыптар — турак жайды камсыздандыруудан толук түрдө бошотулат;
  • Тылда эмгектенген I, II топтогу майыптар — толугу менен бошотулат;
  • Тылда эмгектенген III топтогу майыптар — камсыздандыруу төлөмүнөн 50 пайыздык жеңилдик берилет;
  • Улуу Ата-Мекендик согушта ажал тапкан аскерлердин үй-бүлөсү — төлөмдөн 100 пайызга бошотулат; 

Чернобыль атом электр станциясындагы кырсыктан жабыр тарткандарга дагы жеңилдиктер берилет:

  • I, II топтогу майыптар — турак жайды камсыздандыруу төлөмүнөн 100 пайызга бошотулат; 
  • III топтогу майыптарга — 50 пайыздык жеңилдик;
  • Чернобыль кырсыгында каза тапкандардын жесир жубайларына — 50 пайыздык жеңилдик каралган;

Афганистандагы согуштук аракеттердин катышуучулары:

  • I, II топтогу майыптар — төлөмдөн 100 пайызга бошотулат;
  • III топтогу майыптарга — 50 пайыздык жеңилдик;

Өлкө тургундары:

  • I, II топтогу майыптарга — 100 пайыздык жеңилдик;
  • III топтогу майыптар — 50 пайыздык жеңилдикке ээ болот; 

Ал эми жалгыз жашаган карыялар менен жакыр үй-бүлөлөргө 50 пайыздык жеңилдик берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0