Быйыл Бишкектин 40 мектебинин тегерегинде көчөт отургузулат

Жазылуу
Бакты 11-класстын окуучулары тигип, окуу жылдын аягында кенже класстын балдарына өткөрүп беришет.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Быйылкы жазда Бишкектин 40 мектебине окуучулар өз күчү менен бак-дарактарды отургузат. "Жашыл Бишкек" деп аталган экологиялык акция борбор калаанын мектептеринде өтүп, ага 11-класстын жана кенже класстардын окуучулары катышат.

"Жашылдандыруу он экинчи жана 15-мартта болот. Көчөттү 11-класстын окуучулары тигип, окуу жылдын аягында кенже класстын балдарына өткөрүп беришет. Бул кичинекейлерде камкордук көрүү сезимин артырат", — деп билдиришти "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан.

Былтыр да ушундай аталыштагы акция өтүп, борбор калаанын 25 мектебинин аймагына 8700ден ашуун көчөттөр тигилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0