УКМК мектептеги бомба тууралуу айткан "телефон террорчуларын" аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефондо смс жазуу. Архив
Уюлдук телефондо смс жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен аталган мектепке бомба коюлган деген маалыматтын негизинде ИИМ кызматкерлери окуу жайды тинтүүгө алган.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. УКМК №42 мектепке бомба коюлганы тууралуу ушул эле окуу жайдын окуучулары кабарлаганын аныктап чыкты.

Россияда поездди "бомба бар" деп токтоткон кыргызстандык аялга сот айыппул гана салды
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен аталган мектепке бомба коюлган деген маалыматтын негизинде ИИМ кызматкерлери окуу жайды издөөгө алган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен Тез жардам кызматы келгени айтылган. Сабактар токтотулуп, окуучулар менен мугалимдер сыртка чыгарылган.

Иликтөө учурунда "террорчулукка" ушул окуу жайда билим алган 15 жана 16 жаштагы эки окуучунун тиешеси бар экени аныкталып, алар кармалды.

Учурда окуянын чоо-жайы менен себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0