Мектептен бомба табылган жок. Ал тууралуу тестиер бала билдиргени айтылууда

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкектеги №42 орто мектепте бомба издөө иштери
Бишкектеги №42 орто мектепте бомба издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп башчысынын айтымында окуу кадимки ыраатта уланмакчы.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектеги №42 орто мектептен бомба табылган жок. 

Бүгүн аталган мектепке бомба коюлган деген маалыматтын негизинде ИИМ кызматкерлери окуу жайды издөөгө алган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен Тез жардам кызматы, саперлор келгени айтылган. 

Мектептин директору Гүлжан Жантаеванын айтымында, бомба тууралуу маалымат милицияга 10.35те түшкөн. 10 мүнөттөн кийин окуучулар менен мугалимдер мектептен чыгарылган.

"Бардык кызматтар келип, текшерүү жүргүзүштү. Эч кандай бомба табылган жок. Жарылуучу зат тууралуу маалыматты телефондон баланын үнү билдирген. Азыр чалган баланы табуу керек", — дейт директор.

Жантаева бүгүнкү сабак үзгүлтүккө учураганын, бирок экинчи смендин окуучулары үчүн сабактар өз ырааты менен уланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0