Кыргызстандын адвокаттары Грециянын тажрыйбасы менен таанышууда

© Sputnik / Геннадий Мельник / Медиабанкка өтүүАфины шаары. Архив
Афины шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн адвокаттары чогу кызматташу боюнча меморандумга кол коюусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Адвокаттар кеңешинин төрайымы Гүлиза Кожомова баштаган адвокаттык топ Грециянын тажрыйбасы менен таанышууда. Бул тууралуу КРдин Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрт жаштагы бала Египетте өмүр бою эркинен ажыратылды
Кыргызстандын делегациясы Грецияга укук тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу максатында барган. 

Аталган делегациянын курамын Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина, адвокаттар кеңешинин төрайымы Гүлиза Кожомова, Юстиция министрлигинин нотарит жана адвокатура башкармалыгынын башчысы Марипа Сейдалиева жана бир нече адвокаттар түзөт. 

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн адвокаттары кызматташу боюнча меморандумга кол коюусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0