Бишкекте көп кабаттуу үйлөр эртең жылытуу системасынан өчүрүлөт

© flickr.com / m-louis .®Жылытуу системасы. Архив
Жылытуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо Кыргызгидромет март айынын ортосунда аба ырайы суук боло турганын билдирди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте көп кабаттуу үйлөр эртең жылытуу системасынан өчүрүлөт. 

Бишкек мэриясы кабарлагандай, жылуулук буйрукка ылайык өчүрүлөт.

Ал ортодо Кыргызгидромет март айынын ортосунда аба ырайы суук боло турганын билдирди.

Күндүн жылышынан улам аюулар чээнден чыга баштады
Айдын экинчи жарымында өлкөнүн түштүгүндөгү дыйканчылык аймактарда күндүз күн 24 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чүй, Талас облустарында аба ырайы өзгөрүп, түнкүсүн суук болот. Бул аймактарда күндүз 18 градуска чейин ысыса, түнкүсүн 5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал. Ушундай эле суук Ысык-Көл облусунда сакталат.

Нарын облусунда март айы климаттык нормадан төмөн болуп, салыштырмалуу 2…4 градус суук болот. Күндүз 7…12 градус жылуу болсо, түнкүсүн 18…23 градуска чейин суук болот.

Жылуулук көп кабаттуу үйлөргө 20-ноябрда берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0