Инспекция: "Баткен" базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт

Жазылуу
Кечээ Орто-Сай базарындагы тез татымдан чыккан өрт базарлардын дыкат текшерүүгө себеп болду.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан "Баткен" базарындагы имараттар жана аймак өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербей турганын Мамлекеттик экология жана техникалык инспекция билдирди.

Радиация белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспекция: Ноокаттын Төө-Моюн аймагында радиациянын деңгээли 220 микрорентгенди түзөт
Маалыматка ылайык, текшерүү базарда бир катар кемчиликтер аныкталып, ага жоопкер "Реконс" ишканасынын жетекчиси Таникулов ар кандай шылтоо менен өрт коопсуздугун сактоого багытталган иш-чараларды аткаруудан баш тартып келери такталган.

Мындан улам жетекчи административдик жазага тартылып, 50 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.

Инспекция планга ылайык, жыл бою шаарда жайгашкан базарлар текшерүүгө алынарын белгилөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0