Атамбаев: фермерлерге тийиштүү шарттар түзүлүшү керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев во время встречи с министром сельского хозяйства и мелиорации Турдуназиром Бекбоевым
Президент Алмазбек Атамбаев во время встречи с министром сельского хозяйства и мелиорации Турдуназиром Бекбоевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы бүгүн, 9-март күнү айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кабыл алып, аталган тармактын иши менен таанышты.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өлкө фермерлери менен элет эмгекчилерине бардык шарттарды түзүшү зарыл. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин башчысы Турдуназир Бекбоевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, анын ичинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу айыл чарбасын каржылоо жана лизинг программаларынын турмушка ашырылышы тууралуу маалымат алды.

Жүк ташуучу уна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластын картөшкөсүн казактар өткөрбөй жатат. Кайчы пикирлер
Бекбоев өлкөдө ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, жаңы сугат жерлерди пайдаланууга киргизүү жана алардын сугат суу менен камсыз болушун мындан ары жакшыртуу боюнча пландар жөнүндө баяндап берди.

Президент Атамбаев аймактарды жана бүт өлкөнү өнүктүрүүдө айыл чарба тармагынын мааниси зор экенин белгилеп, жазгы талаа жумуштарын тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүшү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өлкө фермерлери менен элет эмгекчилерине бардык шарттарды түзүшү зарыл экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0