ШИИБ милиционердин кырсыкка учурашынын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул милициясынын атайылаштырылган батальонунун кызматкери кырсыкка кезметте турган маалында кабылган. Аны 27 жаштагы Бишкектин тургуну Mercedes Benz унаасы менен коюп кеткен.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Шейшемби күнү кезметте турган Жол кайгуул милициясынын атайылаштырылган батальонунун (ЖКМАБ) кызматкерин унаа коюп кеткенин Бишкек ШИИБ билдирди.

Буга чейин жол кырсыгы "Дордой" жаңы конушундагы Элебесов көчөсүнүн аймагында болгону маалымдалган.

"Шейшемби күнү болжол менен 11.40та Mercedes Benz унаасынын 27 жаштагы айдоочусу Элебесов көчөсү менен бара жатып, кезметте турган ЖКМАБ кызматкерин уруп кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

30 жаштагы милиция кызматкеринин баш мээси чайкалып, ички органдары жабыркаган. Мындан тышкары, жамбаш сөөктөрү сынып, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылган.

Экспертиза айдоочунун соо экенин аныктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0