Кыргызстандын мырзалары реабитациялык борборго эмнеге кайрылат?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭркек адамдын колдору. Архив
Эркек адамдын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордун негиздөөчүсү Гүлсана Кангелдиева борбордун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 2014-жылдын 30-январында Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан мамлекеттик буйрутма менен атайын эркектер үчүн реабилитациялык "Үй-бүлө жана каармандык" борбору ачылган. Бул борбор сегиз айга пландалган. Өз мөөнөтү бүткөн соң, аталышы "Эр бүлө" деп өзгөртүлүп, борбор ыктыярдуу түрдө эркектерге жардам берүүсүн улантып келет.

Борбордун негиздөөчүсү Гүлсана Кангелдиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин корреспонденnи Исмаил Мамытовго борбордун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Уюмдун максаты

Кол кармашып турган түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барат
Алгач бул борборду ачуу алдында атайын изилдөө жүргүзүп көрдүк. Кыргызстанда үй-бүлө институтун өнүктүрүү, негизинен эркектин үй-бүлөдөгү орду жана ролу тууралуу саясат жок экен. Акыркы учурдагы гендердик теңдик, эркектердин жумушсуздук маселеси, насыя алып төлөй албай калган учурлар эркектердин коомдогу ордун жоготууга алып келет. Аталган борбор турмуштан жолу болбой калган мырзаларга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик буйрутма менен ачылган.

Кимдер кайрылышат?

Борбор ачылгандан бери 200гө чукул эркек кайрылган. Көпчүлүгү — насыя алып төлөй албай калгандар. Мындан сырткары, жумушка орношо албагандар, үй-бүлөдөгү чыр-чатакты чече албаган эркектер жана ата-энеси менен тил табыша албаган өспүрүм балдар кайрылышат. Муну менен бирге өз өмүрүнө кол салгандар көп жардам сурашат.

Борборду ачуу муктаждыгы

Айымдар мырзалардан айырмаланып дос-курбуларына арманын айтып, бугун чыгарып, эс алып калышат. Ал эми эркектер анте албайт. Кайгынын баарын көкүрөктө сактап жүрүп, буктун баарын ичте чогулта беришет. Бул акыры депрессияга, алсыздыкка алып келет.

Борбор кантип жардам көрсөтөт?

Эркектер алгач борборго кайрылуудан тартынышат. Жакшылап түшүндүрүп берген соң гана макул болот. Борбордо тажрыйбалуу психолог иштейт. Ал кайрылгандар менен эки саатка чукул сүйлөшүү жүргүзөт. Эркектер сүйлөшүп, бугун чыгарып жеңилдеп калышат.

Кызмат көрсөтүү

Кызмат көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт. Бизге кайрылгандардын аты-жөнү жашыруун болот.

Кайрылгандардын окуялары

Быт в селе - Sputnik Кыргызстан
Жетимдерди убактылуу баккың келеби, айкөл кыргыз?
Бир кыз кайрылып, инисине жардам берүүнү өтүндү. Анын айтымында, бойго жеткен иниси депрессияга түшүп, апасынын сөзүн такыр укпай, атасына кол көтөргөнгө чейин барган. Ал жигит менен психолог бир айга чукул иштеди. Кийин биз менен туугандай болуп катташып калды. Учурда ал баланын абалы жакшы.

Дагы бир мисал, өз өмүрүнө кол салган 35 жаштар чамасындагы эркектин туугандары бизди жардамга чакырды. Психологубуз үйүнө барып сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрдү. Көптөгөн аракеттердин арты менен өз өмүрүнө кол салуу оюнан кайткан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынын айтымында мырзаларга арналган борбор эркектердин коомдогу ордун жогорулатууга чоң салым кошуп келет.

"Акыркы учурларда үй-бүлөлүк чыр-чатактар, социалдык көйгөйлөр мырзаларды чүнчүтүп жатканы байкалат. Бул борбор жашоонун кыйынчылыгына кабылган эркектерге жардам берүүнү көздөйт. Мекемени курууга 800 миң сом каражат сарпталды", — дейт маалымат кызмат.

Ал эми белгилүү ырчы Дайыр Исмадияров кесиби боюнча психолог болгондуктан, ага достору кеңеш сурап көп кайрылышат.

"Ар түрдүү эркектер болот. Ошого жараша ар биринин өзүнүн көйгөйлөрү бар. Кай бири намыстанып, арманын айта албай келишет. Мага досторум келинчеги, же сүйлөшкөн кызынын ортосундагы маселелер менен кайрылышат", — дейт ырчы.

Анын айтымында, айымдардын 80 пайызы психологго муктаж болсо, эркектердин 10 пайызы гана алардын жардамын алышат.

Журналист Алтынбек Давлетовдун пикиринде, реабилитациялык борбор эркектерге наркомания, ичимдиктен арылууга жардам берүүсү зарыл.

"Буга чейин мен психологго кайрылып көргөн эмесмин. Бирок акыркы күндөрү терс көрүнүштөрдүн көптүгүнөн кайрылсамбы деп жүрөм. Реабилитациялык борбор эркектерге наркомания, ичимдиктен арылтууга жардам берсе кайрылса болот, калган көйгөйлөрдү эркек өзү чечкени дурус", — дейт журналист.

Эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?
Телеалпаруучу Бакыт Абасбеков эркектер үчүн реабилитациялык борбордун кереги жок деген ойдо.

"Алгач укканда таң калгам. Эркектер үчүн реабилитациялык борбордун кереги жок. Эркектер арманын айтпастан, өзү чечүүсү кажет. Анан да психологко барып "арманым аттын башындай" деп туруштун өзү кандай болуп калат? Буга чейин психологго барып көргөн эмесмин, барайын деген оюм да жок", — дейт Абасбеков.

Психолог Самат Таалканов эркектер психологго баруудан тартынышарын билдирди.

"Кыргызда эркек көз жашын көрсөтпөөсү керек, күчтүү болуусу зарыл деген тарбиянын арты менен эркектер психологго кайрылуудан намыстанышат. Бирок, акыркы учурларда кайрылгандар көбөйүп калды. Менимче, эркектер үчүн реабилитациялык борбор иштеп турганы жакшы", — дейт адис.

Учурда Кыргызстанда эркектер үчүн үч реабилитациялык борбор иш алып барат. Алар Бишкек шаарынын Аламүдүн районунда, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0