00:19 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Жүк ташуучу уна. Архив

Таластын картөшкөсүн казактар өткөрбөй жатат. Кайчы пикирлер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
22110

Таласка лаборатория жабдыктарын орнотуу үчүн эч кандай каражат деле кетпейт. Болгону, Айыл чарба министрлиги "цистовыделитель" менен "бенокуляр" жабдыктарын орнотуп койсо, маселе чечилет дейт, адис.

БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik, Айида Батырбекова. Бул учурда таластык дыйкандар өндүргөн картөшкөсүн чек арадан өткөрө албай, айласы кетип турган чак.

Казактар таластыктардын картөшкөсүндө курт (золотистая кортофельная нематода — узундугу 0,5-1,4 миллиметр) бар экендигин аныкташкандыктан чек арадан өткөрбөй жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Таалайбек Айткулов билдирди.

Картөшкөнүн чек арадан өтпөй жатканына эки себеп бар

Анын айтымында картөшкө таза болгон күндө дагы лабораториядан берилген сертификат жок болсо, чек арадан өткөрүлбөйт. Ал эми андай лаборатория Кыргызстан боюнча Бишкек менен Ошто гана бар. 

"Мурда сертификаттар лабораториясы жок эле берилип келген. Азыр болсо казак тарап атайын лабораториядан берилген сертификаттарды талап кылып жатат", — дейт Айткулов.

Ал эми топурактагы оорунун (золотистая кортофельная нематода) пайда болушу дыйкандардын жыл сайын бир жемишти кайра-кайра эгүүсүнө байланыштуу. Мындан арылуу үчүн жер которуштуруп, өсүмдүктөрдү түрдөп эгүү керек экенин Айткулов кошумчалады. Ал Таластагы көйгөй боюнча өкмөткө үч күн мурун кат жиберилгенин билдирди. Себеби, картөшкөлөрдүн чек арадан өтпөй калышы ноябрь айында башталып, февралда күчөгөн. 

Бирок, ал көйгөйдү жоюу оңой эле экенин айтат.

"Таласка "цистовыделитель" менен "бенокуляр" жабдууларын алып барып орнотуп коюу жетиштүү. Ал үчүн эч кандай деле каражат кетпейт. Себеби, Айыл чарба министрлигине караштуу лабораторияда аталган жабдуулар бар. Аны орнотуп, эки адисти отургузуп койсо маселе чечилет. Тагыраагы, дыйкандар Таластан эле продукцияларына сертификат алып калышат", — дейт Айткулов.

Таластыктардын талабы

Аталган маселе боюнча, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Талас облусу боюнча башчысы Айдарбек Жоробековго кайрылганыбызда, картөшкөгө сертификатты Бишкектен алуу таластыктарга кыйынчылык жаратып жатканын айтты. 

"Дыйкандар сертификат алуу үчүн 400 киллометр алыстыктагы Бишкекке барып, картөшкөсүн текшертип, сертификат алуулары керек болуп жатат. Мындай жагдай элге ыңгайсыздык жаратууда. Ал жакка баргандан кийин лабораториянын жыйынтыгын дагы 3-4 күн күтүп жатыш керек", — деп билдирген Жоробеков Талас эли "лаборатория коюп бергиле" деген талап коюп жатканын айтты.

Лабораториялык сертификаттын жоктугунан картөшкөсүн өткөрө албай отурган дыйкан Адилет Эргешов төмөндөгүдөй пикирин билдирет: 

"Лабораториялык сертификаттын жоктугунан картошканы чек арадан өткөрө албай жатам. Меники дагы көп болбогондуктан чыдап отурабыз. Өткөндө кыргыз-казак чек арасында эки камаз картошкасын өткөрө албай турушканын көрдүм. Кийин, кантишти билбейм", — дейт Эргешов. 

Анын айтуусунда, 20 киллограммадан ашык салмактагы картошкаларга лабораториялык сертификат талап кылынат экен. 

Айыл чарба министрлиги кайчы пикир билдирди

Талаштуу маселени айтып Айыл чарба министрлигинин астындагы химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директорунун орун басары Амангелди Исаевге кайрылганыбызда Таласта "золотистая кортофельная нематода" оорусу катталбаганын жана эки жабдыкты алып барып сертификат берүү мүмкүн эмес экенин айтып, Фитосанитардык инспекциясынын башчысы Айткуловдун пикирин төгүндөдү.

"Нематода боюнча КРдин аймагынын бардыгын изилдеп чыгып, Таласта бир дагы карантиндик аймак жок экенин аныктаганбыз. Таластын картөшкөлөрү тескерисинче "немотодага" туруктуу келет", — дейт Исаев.

Ал эми лабораториядан сертификат алуу үчүн дыйкандар эмес, инспекциянын инспекторлору бардыгын өздөрү бүтүрүп берүүлөрү керек экенин айтат.

"Сертификат алуу үчүн дыйкандар фитосанитардык инспекцияга кайрылуусу керек. Инспекциянын инспекторлору дыйкандардын картөшкөсү жаткан жерге барып, андан үлгү алуу менен этикетка толтурат. Алынган үлгүнү дыйкан эмес инспектор өзү Бишкекке алып келип, лабораторияга тапшырат. Андан алынган жыйынтыктын негизинде инспекциядан сертификат жазылып, дыйкандын колуна тапшырылышы керек", — дейт Исаев.

Анын айтымында бул милдеттемени инспекция аткарбастан дыйкандардын мойнуна жүктөп коюп жатат.

Исаев лаборатория боюнча дагы кайчы пикир билдирди.

"Инспекциянын башчысы билдиргендей эки жабдык алып барып, маселени чечип коюу мүмкүн эмес. Министрликте андай мүмкүнчүлүк жок. Себеби, бардык 15 лабораториянын ичинен экөөсү гана аккредитацияланган. Эгер анын бирин Таласка көчүрсөк юридикалык жактан туура келбей, аккредитация алынып калышы мүмкүн", — дейт ал. 

Маселенин чечилишине дагы убакыт керек экенин айткан Исаев 2016-жылдын акырына чейин облустарда лаборатория куруу иштери башталарын кошумчалады.

"Бажы биримдигине киргенден кийин Казакстан 100, Россия 200 миллион доллар берип жатпайбы. Ошол каражаттын бир бөлүгүнө 2016-жылдын акырына чейин облустарда лабораториялар курула баштайт", — дейт Исаев.

Ал дыйкандарга атайын делегация барып картөшкөнү жыл сайын бир жерге эге бербей, жер которуштурууну сунуштап жатышканын кошумчалады.

Тема боюнча

Таластыктар кара өрүк тигүүгө кызыга баштады
Таласта 204 тонна унду мыйзамсыз ташыган жеке ишкер кармалды
Белгилер:
дыйкан, лаборатория, Картошка, Талас облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ