Алкымы бузук бажычылар алдамчылык жана документ жасоого шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБажы кызматынын имараты. Архив
Бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын өкүлдөрү өлкөгө келген машиналарды каттоодо анын жылын жасалмалашкан, андан сырткары пара берип жаткан жеринен кылтакка илинген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. ИИМдин 5-башкы башкармалыгы бажы кызматынын өкүлдөрү мамлекетке кирген автоунааны каттоодо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурду аныктаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда "Тойота" үлгүсүндөгү автоунааны каттоодо одоно мыйзам бузуу орун алган.

Здание КГМА в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КММА аппарат башчысынын өлүмү боюнча өлкө жетекчилигине кайрылды
Текшерүү маалында "Манас" бажысында иштеген кызматкер ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерине 25 миң сом пара берип жатканда кармалган. Ал параны ишти оң жагына чечип берүү үчүн берген.

Иликтөө учурунда аныкталгандай, бажы кызматынын өкүлдөрү 2001-жылы чыккан "Тойота-Авенсис" үлгүсүндөгү автоунааны 2003-жылы чыккан деп каттаган.

Андан тышкары мамлекеттик чек арадан өткөн жарандарды жана автотранспортту каттоонун тартиби бузулганы аныкталган. Алар автоунааларды төмөндөтүлгөн тариф менен каттап, мамлекеттик бюджетке олуттуу суммадагы акча түшпөй калган. Учурда келтирилген зыян иликтенүүдө.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин шалаакылык, документтерди жасоо жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0